Коом
Экс-муфтий Максат Токтомушев муфтиятка акчаны кайтарып берди
Экс-муфтий Максат Токтомушев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына бардык акча каражаттарды кайтарып берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максат Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максат Токтомушев кармалганы айтылган.



