Коом

Анжелика Сеид Атамбаевге жооп берди: «Оозуңуздан чыккан жаман сөз, ал сиздин тарбияңыздын күзгүсү»

Кечээ, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери ырчы Анжеликанын катышуусу менен жетекчилерине кайрылуу кылышкан. Алар, мамлекетке өткөн мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн ДЦП балдар үчүн пайдаланууга берүүнү суранышкан.

Бүгүн, 12-августа Алмаз Атамбаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Анжеликага жооп берип, аны «өлгөн жаныбарларды жеген канаттууга» салыштырып тилдеген.

Ырчы, депутаттын сөзүнө жооп кайтарып, аны сабырдуу болууга чакырып мындай деген.

«Соттун чечими менен Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү мамлекеттин эсебине өткөн соң, биз убактылуу болсо дагы колдонууга сурандык. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган жалгыз бой энелердин суранычына, тарбияңызды көрсөтүп мындай жооп бергениңиз өкүнүчтүү.

Мен Атамбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу ооз ачкан дагы эмесмин. Сеид мырза, тескерисинче, бизди колдоп койсо жарашмак!

Мен ага (Атамбаевге) капа болгон жокмун. Адамдын оозунан кандай сөз чыкса, ал анын ички дүйнөсү, тарбиясынын күзгүсү, деңгээлин көрсөтөт»,-дейт ырчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button