Коом

Жаанчыл болобу? Сентябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында нормага жакын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Алай өрөөнүндө нормадан арбын болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 17…19, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 12…14 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 8…13 — 15…20, күндүз 20…25 — 29…34 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 7…12 градуска чейин өзгөрүп турат. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 12…17 — 23…28 градус жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 14…16 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 3…8 — 9…14, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 19…24 — 28…33 градус жылып, айрым күндөрү 13…18 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылыйт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градуска чейин ысыйт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22 градуска чейин төмөндөйт.

Тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн 5…10 — 11…16, күндүз 14…19 — 26…31 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын табы түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22° жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10 градус жылуулуктан 11…16 жылуулукка чейин, күндүз 14…19 жылуулуктан 26…31 жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болот.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 19…21, тоо этектеринде 15…17 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн 7…12 — 15…20, күндүз 23…28 — 30…35 градус ысыйт, кээ бир күндөрү 17…22 градуска түшөт.

Тоо этектеринде күндүн табы түнкүсүн 5…10 — 11…16, күндүзү 14…19 — 26…31 градуска чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button