Коом

Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт

19 жана 21-23-август күндөрү Кыргызстандын аймактарында нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

«Бул күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button