Коом

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери “Ынтымактуу үй-бүлө” балдар үйүнө барышты

Жайкы каникул учурунда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында профилактикалык иштерди активдүү жүргүзүшүүдө. Анын негизги максаты — балдардын көлдө чөгүп кетүүсүнүн, укук бузуулардын жана ар кандай жаракат алуулардын алдын алуу. 

Бул жолу милиция кызматкерлери эски достору, Семёновка айылында жайгашкан «Ынтымактуу үй-бүлө» балдар үйүнүн тарбиялануучуларына мейманга келишти. Жолугушуу жакшы маанайда өтүп, ар кандай иш чаралар, оюн-зооктор менен коштолуп, таттуу белектерди тапшыруу жана дасторкондун үстүнөн чай ичүү менен аяктады. Балдар иштери боюнча инспекторлор жаш досторуна жайкы каникул күндөрү кызыктуу өтүшү жана кымбат кыялдар орундала турган ишеничти тартуу үчүн колдон келген баардык аракетин көрүштү.

Бул жолугушуу меймандардын жана үй ээлеринин оюу боюнча өтө үй-бүлөөлүк жылуу маанайда өттү.  Кийинки жолу милиция кызматкерлери жаңы окуу жылынын алдында балдарга белектер менен келүүгө убада беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button