ВИДЕО: Дем алышта Ысык-Көлдө 7 чакырымдан ашык браконьерлик торлор алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Ысык-Көл облусунун аймагында балык запастарын жана облустун экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында, 21-августтан 22-августка чейинки аралыкта көлдүн үстүндө атайын рейдтик иш чара болуп өттү.
Рейддик иш чарага Ысык-Көлдүн бүткүл акваториясында болуп, ага облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.
Эки күндүк рейддин жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 7200 метрди түзгөн 82 эски жана жаңы браконьерлик торлору чыгарылды. Бир «Казанка — 5М» моторлуу кайыгы алынды. Мындан тышкары, 12 сууда жүрүүчү моторлуу кайык ээлери аныкталып, алар менен балыктарды жана суу жаныбарларынын башка түрлөрүн мыйзамсыз кармоо боюнча кандай жоопкерчиликтер каралган боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Ошондой эле ышкыбоз балыкчыларга Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби жеткизилди. Андан тышкары, коопсуздук чаралары жана көлдөгү жүрүм-турум тууралуу маалыматтар берилип кетти.
Мындай иш чаралар дагы өткөрүлмөкчү.



