Коом

ШКУнун 25 жылдыгы. «Ала-Арчада» карагай отургузулду 

Бүгүн, 2026-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи кеңеши жыйынтыкталды.

Бул иш-чара Уюмдун 25 жылдык мааракесине арналган жылдагы экологиялык күн тартибиндеги негизги окуялардын бири болду.

Программанын үчүнчү күнү ШКУга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчылары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш парк аймагында бак отургузуу акциясына катышышты. Бул демилге аймактагы экосистемаларды калыбына келтирүүдө өлкөлөрдүн биримдигин көрсөтүү менен катар, Кыргызстандын «Жашыл Мурас» жалпы улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.

«Бүгүн биз бул бактарды жаратылышты коргоо боюнча жалпы милдеттенмебиздин символу катары отургузуп жатабыз. ШКУнун 25 жылдык мааракесинде биздин кызматташтыгыбыз сөз менен эле чектелбестен, иш жүзүндө да биргелешип аракет кылып жатканыбызды тастыктайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев.

Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасы «ШКУнун Жашыл алкак» демилгесинин негизин салганын өзгөчө белгиледи. Бул демилге жаратылыш экосистемаларын биргелешип сактоого, токой жана жашыл аймактарды кеңейтүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптация чараларын күчөтүүгө жана айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтууга багытталган.

Өзүнүн уникалдуу тоо экосистемалары жана бай биоартүрдүүлүгү менен Кыргызстан ШКУ алкагында экологиялык тилектештиктин идеяларын демилгелөөчү гана эмес, аны активдүү илгерилеткен өлкө болуп саналат жана аймактын «жашыл» өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү күн тартибин калыптандырууда, — деп жыйынтыктады А. Токтобаев.

Кеңешме Мамлекеттик №1 резиденция имаратында улантылды.

Жыйынды ачып жатып, Акыл Токтобаев ШКУнун юбилейлик жылында Кыргызстандын төрагалыгы аймактын туруктуу келечегин калыптандырууда өзгөчө жоопкерчиликти жүктөй турганын белгиледи.

Министрдин баяндамасынын негизги багыттары:
• Кыргызстан глобалдык эмиссияларга аз салым кошконуна карабастан, 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү стратегиялык максатын ырастайт.
• Президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» демилгеси өзгөчө белгиленди. Кыргызстан мөңгүлөрдү коргоо боюнча глобалдык координатор ролун өзүнө алды.
• Кыргыз тарап абанын сапатын жакшыртуу боюнча Биргелешкен билдирүүнү кабыл алууну демилгеледи.

Министр кесиптештерин 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Талкууга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан катышты.

Тараптар пластик калдыктары менен күрөшүү, биоартүрдүүлүктү сактоо жана «жашыл» технологияларды киргизүү боюнча улуттук тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар экологиялык чакырыктар чек араны тааныбай турганын жана мыйзамдык, технологиялык аракеттерди шайкеш келтирүүнү талап кыларын белгилешти.

Жыйын акыркы Протоколго кол коюу аземи менен жыйынтыкталды. Кабыл алынган документтер ведомстволор аралык кызматташуунун жаңы деңгээлине негиз болуп, ШКУ мамлекет башчыларынын алдыдагы юбилейлик саммитине маанилүү салым кошот.

«Бүгүнкү кеңешменин жыйынтыгы — бул аймактын экологиялык коопсуздугуна жана элдерибиздин туруктуу келечегине кошулган реалдуу салым», — деп жыйынтыктады Акыл Токтобаев.

Тектеш кабарлар

Back to top button