Ульяновскиде каза тапкан мекендештердин үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет

Ульяновск облусунда набыт болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө 300 миң сомдон берилет. Бул туурасында президенттин администрациясынан билдирди.
Материалдык жардам мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан көрсөтүлөрү белгиленди.
Белгилей кетсек, бүгүн жол кырсыктан каза тапкан 14 кыргызстандыктын сөөгү атайын учак менен Ош шаарына алып келинди. Маркумдар аба майдан ары ӨКМдин автоунаалары менен туулган айылдарына жеткирилет.
Тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош шаарына барганын билдирди. Аны менен катар президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда.



