Коом
Министрлик кайсы класстын окуучулары эртең менен окуй турганын айтты
2022-2023-окуу жылында 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары биринчи сменада окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу тартибинин графиги «Кут билим» гезитине жарыяланган.
1-класстын балдары 40 мүнөт окушса, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар 45 мүнөттөн билим алышат.
Басылмада үй тапшырмаларына берилчү убакыт да көрсөтүлгөн.
Маселен, 2-3-класстын окуучулары үй тапшырмага 1,5 сааттан ашык убакыт коротпошу керек.
4-5-класстар — 2 саат;
6-8-класстар — 2,5 саат;
9-11-класстар — 3,5 саатка чейин.



