Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова: “Митинг – бул зыян, бири-бирибизге каршылык, душмандык!”

Социалдык тармактарда эртең, 30-августта Бишкекте чоң митинг өтөт деген чакырыктар болуп жатат. Бул тууралуу митингдин уюштуруучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялап, казинонун ачылышына жана камакка алынган коомдук жаран Адилет Балтабаевдин боштондугун талап кылууну көздөп жатканын айтышууда. Митингге чакырыкты окуган интернет колдонуучулардын көбү аларга каршы экенин айтып, эл митингден тажаганын, ошол эле учурда мамлекетке тынчтык жана туруктуулук керек экенин жазышты.
Эртең митингге чакырык жасагандар тууралуу белгилүү актриса, КР эл артисти Назира Мамбетованын пикирин билдик.
-Бир кездерде биз мындан да оор мезгилдерди башыбыздан өткөргөнбүз. Учурунда свет, газыбыз жок, айлыгыбыз аз болгон күндөр да болгон. Ошондо да элибиз кыйынчылыкка чыдаган эле. Азыр Кудайга шүгүр, жашообуз оңолуп келатканда ушундай митингдин кимге кереги бар. Митингди далай башыбыздан өткөрдүк. Ызы-чуу төңкөрүштүн зыянынан башка пайдасы жок. Мен сиздерди тобокелдикке, сабырдуулукка чакырат элем. Митинг деген мамлекетке, элге зыян, бири-бирибиздин ыркыбызга, балдарыбыздын келечегине зыян. Андан көрө, азыркы бийликке, президентибизге жардам берип, баарыбыз таза, ак ниет менен мамлекетке кызмат өтөп, бүгүнкү ырыскыбызга, наныбызга ыраазы болуп, бүгүнкү тынчтыкта жашап жаткан Кудайдын берген күнүнө ыраазы болуп, жашообузга шүгүр келтирип жашасак болбойбу. Митинг – бул зыян, бири-бирибизге каршылык, бири-бирибизге душмандык! Эгер президент болгусу келгендер болсо мөөнөтү келгенде мыйзамдуу шайланышсын. Ага чейин митинг кылып, бири-бирибизди кыйратып, талкалай берсек зыяндан башка пайда жок. Ансыз да биз дүйнө элине Кыргызстан эли тынчы жок, митингчил деген жаман атка кондук. Келгиле элим, мамлекетибиз өнүксүн десек, тынчтыкта, ынтымакта, биргеликте жашайлы.
Ал эми азыр казино деп кыйкырып, ага каршы чыгып, шылтоо менен ызы-чуу чыгаргысы келгендер болуп жатат. Бирок, мунун эки тарабын карайлычы. Эгерде биз казинону маданияттуулук, мыйзамдуу жолу менен ишке киргизсек анын да мамлекеттик казынага пайдасы бар. Болуптур, каршы болгула, бирок сөзсуз эле митинг, ызы-чуу, кыйкырык менен чыгыш кажет эмес.
Блогер Балтабаевдин кайсы күнөөсү менен камалып жатканынан чындап кабарым жок. Бирок анын деле күнөөсүн мыйзамдуу карап, келишим, жакшылык менен чечишип алса болот. Митингдин келечекке зыяны бар экенин, анын жаманаттысы бар экенин билесиздерби?! Митинг бизге душман экенин билесиздерби? Кечирип койгула, азыр кеч боло электе ызы-чуудан алыс болуп, мындай жаман ойдон арылып, токтогула! Баарыбызды жакшылыкка, ынтымакка, сабырдуулукка чакырам. Мен эне, аял катары ызы-чуудан алыс болушунуздарды суранам!- деп билдирди.



