Үй-бүлөсүн тыңдай албаган Адахан Мадумаров мамлекетти оңдой алмак беле?

Интернетти карасаң эле Мадумаровтон башка адам манкурт болуп калгандай эле, төшүн кагып, “мен, мен” болуп калыптыр, бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт болуп, “менден башка киши Президент болууга тактыктуу эмес”, “мен кыйын дипломат, менден кыйын эч ким элди башкара албайт” деп, жер менен баспай жүрөт.
Биринчиден өз үй-бүлөсүн тың карай албаган, кыйын дипломат болуп үй-бүлөсүн сактап калалбагандан кийин кандай Президент экенин элестетип көрсөңөр. Балдарына кам көрбөгөн ата, жубайын барктабаган эр, элине кандай кам көрөт? Өзүнүн байлыгын балдарына ыраа көрбөй, өзү жалгыз жек көрдү болуп жашап калган, балдарынын сый-урматын көрбөгөн адам кандай Президент болот?
2017-жылы эле ажырашып кетсе дагы аны жашырып бүгүнкү күнгө чейин жашырып алдап келет. Президент болсо да жубайы жок Президент болмок экен да. Өз кызыкчылыгына жетуу максат менен тилин сайратып, элдин башын айлантып, колдоо топтоп, кандай гана кадамдарга барып атат, акты кара деп, караны ак деп, ойду тоону, сүйлөп, чала молдо дин бузат кылып, элдин оюн бузуп, эл душманы атка конгону турат.
Азыр Кыргызстандагы саясий лидерлердин ичинен Мадумаровдун кадыры алда канча төмөн. Бирок, аны колдогон айрым бир топ бар. Мадумаров тууралуу сөз сүйлөгөндө баса калып оозуна ак ит кирип, кара ит чыкканча сөгүнүшөт, каргашат.
Ал эми саясий лидерлердин ичинен Мадумаровду колдогондор өтө аз, а түгүл жокко эсе. Адамдын биринчи душманы тили. Тилдин азабын жакшы эле тартып жатат, бирок ага деле карабай сайраганы сайраган…

Сагынбек Амангелдиев



