ЖАКда коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлдү

Жаза-аткаруу тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды консолидациялоо максатында
«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
Президентинин «Кыргыз Республикасындагы Коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана аны жоюунун 2021-2024-жылдарга карата мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» Жарлыгынын талаптарына ылайык, кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен КР ЖАКнын жетекчилиги №554 буйругун чыгарды.
Бул документке ылайык, КР Жаза-аткаруу тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия түзүлүүдө. Комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, и/к полковниги Кемель Садыков жетектеди.



