Дүйнө
Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны биринчи жолу 100 миңден ашты

Японияда 100 жаштан ашкан адамдардын саны биринчи жолу 100 миңден ашып, 107 677 адамды түздү. Бул тууралуу Yomiuri гезити билдирди.
Япониянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 7 914 адамга көп. Өлкөдө 100 жаштан ашкандардын саны 56-жыл катары менен рекорддук деңгээлге жетүүдө.
100 жаштан ашкан адамдардын дээрлик 90 пайызын аялдар түзөт — 94 298 адам. Алардын эң улуусу Киото шаарында жашаган Фуэ Кисимото, ал 114 жашта. Эркектердин саны — 13 379 адам. Алардын ичинен эң улуусу Кумамото шаарынан 112 жаштагы Хикару Като.
Японияда бул статистика 1963-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ал жылы өлкөдө 100 жаштан ашкан 153 гана адам болгон.



