Коом

Кыргызстандык окуучулар  Македонияда өткөн олимпиадада алтын медалды жеңди

2025-жылдын 24-29-июнь күндөрү Түндүк Македониянын Струга шаарында өткөн 29-Балкандык жаштар математика олимпиадасында (JBMO) кыргызстандык мектеп окуучусу биринчи жолу алтын медаль утуп, тарыхый жетишкендикке жетти.

Олимпиадага 24 өлкөдөн 135 мыкты окуучу катышып, Кыргызстандын атынан барган команданын мүчөлөрү мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:

Акимов Ариет, Бишкектеги “Газпром Кыргызстан” мектебинин 7-классынын окуучусу – алтын медаль

Абдувалиев Бектен, Ош шаарындагы ISK эл аралык мектебинин 7-классынын окуучусу – коло медаль
Тренери: Абдувалиев Мурат

Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы Купуев академиясынын 9-классынын окуучусу – коло медаль
Тренери: Абдураимов Шумкарбек

Мухаммаднабиева Нурайым, Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу – ардак грамота

Бараканов Алим жана Абдимиталипов Барсбек, ушул эле лицейдин окуучулары – катышуучулар

Команданын жетекчилери: Абдураимов Шумкарбек, Жекшеев Дослан жана Асанкадыров Айдин

Өзгөчө белгилөөчү жагдай – Акимов Ариет уткан алтын медаль Кыргызстандын Балкандык жаштар математика олимпиадасындагы алгачкы алтын байгеси болуп эсептелет.

Кыргызстан бул олимпиадага 2015-жылдан тарта катышып келет. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 6 медалга ээ болду: 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло.

Тектеш кабарлар

Back to top button