Эгемендүүлүк күнүнө карата «Бишкек» эркин экономикалык аймагында 14 жаңы ишкана ачылат

Бул тууралуу Инвестицияларды тартуу башкармалыгынын башчысы Айжамал Акаева радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ишканалардын арасында Түндүк Македониядан келген инвестор тарабынан негизделген өзгөчө долбоор — балет бут кийимдерин чыгаруучу завод (NG Ballet World) бар. Ишкана дүйнөлүк деңгээддеги кесипкөй пуанттарды жана балет бут кийимдерин чыгарууга адистешкен. Бардык продукция Европа жана Азия өлкөлөрүнүн базарларына экспорттоого багытталган.
Жүк ташуучу үч дөңгөлөктүү унаа (трицикл) жыйноонун толук циклин ишке ашырган ишкана ачылат. Мурда мындай транспорт каражаттары чет өлкөдөн даяр түрдө импорттолсо, эми алар өлкө ичинде жыйналат.
Таңгактоочу материалдарды, жогорку басымдагы полиэтиленди жана тигүү фабрикалары үчүн атайын таңгактарды (зип-баштык) чыгаруучу жогорку технологиялык линиялар ачылганы турат. Бул ата мекендик кийим өндүрүүчүлөргө сапаттуу таңгактарды сырттан импорттоодон баш тартууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан сырткары курулуш материалдарын, кургак аралашмаларды, ошондой эле нымдуу жана гигиеналык кол майлыктарды чыгаруучу объекттер пайдаланууга берилмекчи.
Акаеванын айтымында, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча «Бишкек» ЭЭАнын ишканалары 1 млрд сомдон ашык суммага продукция өндүрүп, сыртка экспорттогон.



