Коом
Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кош бойлуу келин кесарево жолу менен наристелерди жарык дүйнөгө алып келди.
Үч эмдин экөө эркек, бирөө кыз. Алардын салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түзөт.
«Эненин курсагындагы төртүнчү түйүлдүктүн бири 19-жумада өнүгүүсүн токтоткон. Калган мезгилде келин адистердин тыкыр көзөмөлүндө болду. Натыйжада кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болду», — деп айтылат маалыматта.
Учурда эне чүрпөлөрү менен дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу.



