Коом

Айыл өкмөтү жана шаар мэрияларынын кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көбөйдү

1-сентябрдан тарта айыл өкмөттөрүнүн, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана райондук мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин эмгек акысы 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, эмгек акы төлөө коэффициенти төмөн кызматкерлерге кошумча түрдө ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.

Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине аткарган ишинин татаалдыгына жараша 10 пайызга чейин үстөк акы берилчү.

Ошол эле учурда 15 миң сомдук компенсация эмгек өргүүсүнө чыгуучу төлөмдөрдү эсептөөдө жана пенсиялык төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button