Коом

Таласта 11-сентябрда бир катар жолдор жабылат

Талас шаарында 11-сентябрда өтө турган ири маданий иш-чарага байланыштуу борбордук аянтка кирүүчү бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелери убактылуу жабылат:

Чыңгыз Айтматов көчөсү — Алымкулов көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;

Бердике баатыр көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мадиев көчөсүнө чейин;

Оторбаев көчөсү — Сатаев көчөсүнөн Мырзалиев көчөсүнө чейин;

Огомбаев көчөсү — Шамбетов көчөсүнөн Сатаев көчөсүнө чейин;

Сатаев көчөсү — Огомбаев көчөсүнөн Бердике баатыр көчөсүнө чейин;

Мырзалиев көчөсү — Оторбаев көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейин;

Мадиев көчөсү — А. Оторбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов көчөсүнө чейин.

Айдоочуларга сапарларын алдын ала пландап, альтернативдүү каттамдарды тандоо сунушталат.

Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-сентябрда белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө

Тектеш кабарлар

Back to top button