Ак-Ордо конушундагы жаңы мектепте парта жок деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектепте парта жана отургучтар жок деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, долбоорго ылайык мектептер сөзсүз түрдө эмерек, жабдуу жана окуу үчүн зарыл болгон инвентарлар менен камсыздалат. Аталган мектепте парталар менен отургучтар керектүү санда толук бар.
Мектеп 750 окуучуга ылайыкталган. Эки нөөмөт менен иштеген учурда анда 1500гө чейин бала билим ала алат.
Мектептин курулушу Курулуш министрлиги тарабынан 2025-жылдын декабрь айында башталган. Үч кабаттуу окуу корпусу төрт блоктон турат. Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даяр. Жакынкы күндөрү мектептин расмий ачылышы өтөт.
Курулуш министрлиги коомчулукту социалдык объектилер тууралуу такталбаган маалыматтарды таратпоого жана маалыматтарды расмий булактар аркылуу тактоого чакырды.



