Коом

Кытай жараны Стамбул-Бишкек авиарейсинде 6700 доллар уурдаган

Сокулук районунда учактын ичинде акча уурдаган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Милицияга арыз менен Орусиянын жараны П.И. кайрылып, андан 7-сентябрга караган түнү Стамбул — Бишкек каттамындагы учакта 6700 доллар уурдалган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Кытай жараны З.Х. кармалды. Тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button