Окуялар

УКМК: Эс алуу борборуна козголгон кылмыш ишинин алкагында республикалык бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча каражат чегерилди

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК тарабынан тиешелүү кылмыш ишинин алкагында эс алуу борборлордун ээлеринин бирине -Ж.А. карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлдү.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган тиешелүү экспертизанын корутундусу мурда Ж.А. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Ж.А. демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Ж.А. карата жүрүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүлүп берилди.

2022-жылдын 12-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Ж.А. күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 000 сом айыппул төлөө каралды.

Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында Ж.А. келип чыгышын тастыктай албаган улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 млн. сомдон ашык акча каражаттар, ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн. сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button