Коом

Кыргызстанда ВИЧ/СПИД менен 15 миңге жакын адам катталган

Бул тууралуу бүгүн өткөн жыйында Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, алардын 14 миңи Кыргызстандын жарандары. ВИЧ инфекциясынын жугушунун негизги жолу жыныстык катнаш бойдон калууда — 64,4 пайыз. Ал эми кан аркылуу (парентералдык жол менен) жугуу көрсөткүчү 28 пайызды түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө вице-спикер Медер Алиев ВИЧ/СПИД менен ооругандардын чыныгы саны расмий маалыматтардан бир нече эсе көп болушу мүмкүнбү деген суроо узатты.

Гульбара Ишенапысова мындай божомолду так айтууга кыйын экенин белгилеп, учурда ооруну аныктоо деңгээли 85 пайызга жеткенин айтты.

«Россияда бул илдет боюнча жаңы учурлар көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Ал жакта көптөгөн эмгек мигранттарыбыз иштейт, алардын арасында да ооругандар кездешет. Биз аларды керектүү дары-дармектер менен камсыздоого жардам берип жатабыз», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button