Коом
Москвда курулушта кран кулап, кыргыз жигит каза болду

Москва шаарында курулушта кран кулап, Кыргыз жарандары жабыркады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 23-майда Москвадагы Анна Ахматова көчөсүндө болгон. Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы Кыргыз жараны окуя болгон жерден каза болуп, 25 жаштагы Кыргыз жараны крандын астында калган. Ал куткарылып ооруканага жеткирилген.



