Коом

Ысык-Көлдө балык уулоонун эрежесин бузган 10 жаран аныкталды

Күздүн башталышы менен көптөгөн ышкыбоз балыкчылар балык уулоого чыгышат, анткени жайдын ысык мезгилинен кийин, балыктын айрым түрү көлдүн жээгине миграциялык жол менен чыга башташат. Ошону менен бирге, балык уулоонун эрежелерин бузуу фактылары да көбөйө баштайт.

13-сентябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежелерин сактоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылына жакын жайгашкан көл жээгинде жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө балык уулоо менен алектенген 10 ышкыбоз балыкчылар аныкталды. Текшерүү учурунда аларда ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо укугуна тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыкты. Алардын кармаган балыктарынын жалпы саны 361 даана чабакты түздү.

Бул фактылар Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы ышкыбоздук жана спорттук балык уулоосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо эрежесине ылайык так жүргүзүү  керектигин жарандарга эскертет. Көрсөтүлгөн эрежелердин талаптарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилике тартылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button