Коом

Чек ара кызматы жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат

КР УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын жана коомчулугун туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, Кыргызстандын айрым жарандары тарабынан мамлекеттик чек аранын Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу кагылышуулар тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялоо фактылары катталып жатат.

Ведомстводон белгилегендей, КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери айыгышкан салгылашууларды жүргүзүп, өздөрүнүн позицияларын берип коюу ниети жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматында душмандын агрессиясынын мизин кайтаруу жана кырдаалды турукташтырууга мажбурлоо үчүн зарыл болгон күчтөр жана каражаттар бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button