Чек арада Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолукту. Жетишилген макулдашуулар

2022-жылдын 17-сентябрында саат 03.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай чыңалуу бойдон калууда, — деп билдирет КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы.
Саат 00:10дон 00:40ка чейин «Гулистон-автожол» КӨЖда (ТР) Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору генерал-майор У. Шаршеевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин колбашчысы генерал-полковник Р. Рахмоналинин жолугушуусу өттү.
Бул жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишишкен:
— түн ичинде жана 2022-жылдын 17-сентябрында саат 09.00го чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;
— бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин «Гулистон-автожол» КӨЖда улантат.



