Коом

Тажикстандын агрессиясы. ӨКМдин каза болгон куткаруучусунун сүрөтү жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде душмандын огунан каза тапкан куткаруучунун сүрөтүн жарыялады.

Ал Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович болгон. Маркум 2010-жылдан бери КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

«2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде ӨКМдин кызматкери өз милдетин аткарып жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button