Коом

Төрт айдан бери дайынсыз. Бишкекте 2-топтогу майып, 41 жаштагы Зияда Темирбекова изделүүдө

Бишкекте Темирбекова Зияда Исманкуловна изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-майда милиция жаран кайрылып, анын 1982-жылы туулган эжеси 1-майда саат 14:00 чамасында Бишкектеги Келечек конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Учурда анын жүргөн жери белгисиз болууда.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана ак баскан. Психикалык оорудан жабыркайт. 2-топтогу майып.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 номурларына чалсаңар болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button