Коом
Баткенде каза болгондордун саны 46 адамга жетти

«Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, каза болгон дагы 10 адамдын сөөгү Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн.
Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт», — деп айтылган мааалыматта.
2022-жылдын 18-сентябры саат 17:00гө карата ооруканага жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 140 адам болгон. Жарадар болгондордун көпчүлүгү. 102 адам Бишкек жана Ош шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына которулганы маалымдалды.



