УКМК: Баткенге 700 тоннага жакын гуманитардык жардам чогултуу уюштурулду

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн окуяларга байланыштуу камкорлук кылган жарандар, активисттер, ошондой эле демилгелүү топтор тарабынан, Баткен облусунун жаңжал учурунда жабыркаган жергиликтүү тургундарына жана аскер кызматкерлерине гуманитардык жардам чогултууну уюштуруушууда.
Ушул жылдын 17-сентябрынан 19-сентябрына чейин Баткен областына жалпысынан 700 тоннага жакын гуманитардык жүк жеткирилди. Республиканын бардык аймактарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөн жана келүүдө, анын ичинде негизги керектөөлөр да, башка зарыл каражаттар да бар.
Ошол эле учурда айрым жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп, элге көрсөтүлүп жаткан жардамды ашкере жарнамалоого аракет кылып, коомчулуктун алдында өзүнүн инсандыгын белгилөөдө.
Ушуга байланыштуу бардык жарандарды жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүдө өзүн пиар кылуудан алыс болууну суранабыз.



