Окуялар

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму ӨКМге компьютердик техникаларды тапшырды

19-сентябрда ӨКМдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон министрликтин өкүлдөрү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМге 18 даана компьютердик жана 1 даана принтер техникалары  белекке берилди. 

Азамат Мамбетов техникалар эң керектүү учурда тапшырылганын белгилеп, компьютерлер Баткен облусундагы орун алып жаткан кырдаалды жөнгө салууга өз салымын кошорун билдирди.

Ал эми ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов учурдагы кырдаалда тынчтык орнотуу үчүн аз да болсо салып кошулуп жатканына кубанычта экенин айтты.

Мындан тышкары, тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button