“Газпром” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Баткенге 4 млн. сомго жакын жардам которушту

Кыргызстандагы “Газпром” компаниясынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жанжалдын кесепетинен жабыркагандарга жана коопсуз жерлерге көчүрүлгөндөргө жардамдарын беришти. Алар КРнын Финансы министрлигинин бирдиктүү эсебине жабыркагандар үчүн жалпы суммасы 4 Миллион сомго жакын каражатты которушту.
“Ушундай кайгылуу күндөрдө кыргыз эли орду толгус жоготууга учурап, Кыргыз Республикасынын чек арасын өз жанын аябастан коргогон жаш баатырларды жерге берип отурабыз. Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобунун жетекчилиги жана кызматкерлери Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн кайгылуу окуялардын жыйынтыгында каза болгон жоопкерлердин жакындарына жана туугандарына терең кайрыгуу менен көңүл айтат жана чыр-чатактын кесепети кыска мөөнөттүн ичинде жоюлатдеп ишенет” деп айтылат.



