Коом
«Дордой» базарында мобилдик клиникалар иштеп жатат

Андагы медиктер 19-июлга чейин элди акысыз көрөт. Базарга баргандар же базарда соода кылгандар ички органдарын УЗИге тарттырып, гепатит оорусуна текшерилип алса болот.
Мобилдик клиникалар 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. «Дордой» базарынан кийин көчмө клиникалар Сокулук районунун Шопоков шаарына барат.



