Коом

Борборго Баткенде жардам көрсөткөн 30 дарыгер кайтып келди

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда Баткенде медициналык жардам көрсөткөн 30 дарыгер Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, 21-сентябрь саат 11:00гө карата куралдуу кагылышуу учурунда жабыркагандардын жалпы саны 198ди түзөт. Алардын 61и амбулатордук, 137си стационардык дарыланууда.

“Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Араван, Өзгөн, Ноокат шаар, райондон Баткенге келген дарыгерлер үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. Бишкекке 30 дарыгер кетти”, — дейт ал.

Бөрүбеков кошумчалагандай, Лейлек жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда жети, Баткен облустук бириктирилген ооруканасында эки бригада иштеп жатат.

“Дагы 21 дарыгер даярдыкта турушат. Облуска келген 22 психолог жер-жерлерде, төртөө кризисттик борбордо иш алып барууда”, — деди ал

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button