Коом
“Кайыңды кант” заводу кумшекердин баасын арзандатты

Кайыңды кант” ААКсы бүгүндөн тарта кумшекердин дүң сатуу баасын 1 кг 79 сомго чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан маалым болду.
Баанын төмөндөшү базарда кумшекердин чекене баасынын мындан ары турукташуусуна оң таасирин тийгизет.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекерге бааны белгилөөдө жогорудагы жагдайларды эске алуу өтүнүчү менен сатуучуларга кайрылат.



