Коом
Чолпон-Атада КМШнын Бажы кызмат жетекчилеринин кеңешинин юбилейлик жыйыны өтүүдө

Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасы Кеңеш кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө ишенимдүү жана натыйжалуу аянтча бойдон калганын белгилеген.
«Дүйнө тездик менен өзгөрүп, бажы органдары жаңы чакырыктарга туш болууда. Санариптик технологияларга адаптациялоо, процедураларды модернизациялоо, ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу зарыл экенин көрүп жатабыз. Ошондуктан активдүү диалогду сактап, кызматташуунун жаңы формаларын таап, бири-бирибизди колдогонду күчөтүшүбүз керек», — деген Алмаз Салиев.



