Коом
«Женгону» актоо боюнча соттук өкүм жокко чыкты

Мындай чечимди Жогорку сот прокуратуранын апелляциялык арызынан кийин чыгарды.
Июнь айында Кара-Суу райондук соту «Женго» аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду кирешелерди адалдаштыруу боюнча актап, абактан чыгарган.
Ага карата «Бирөөнүн мүлкүн тартып алуу» боюнча козголгон кылмыш иши да мөөнөтү өткөн деп кыскартылган. Кийин Ош облустук соту райсоттун чечимин күчүндө калтырган.
Иш судьялардын жаңы курамы менен кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберилди.
@user2



