Коом
Баткенде талкаланган аймактар жаңы курулушка даярдалууда

Учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай, Самаркандек, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул ишке ӨКМдин 237 кызматкери жана 26 техника тартылган. Алар жашоого мүмкүн болбой калган үйлөрдү түрттүрүп, ордун тазалап, жаңы курулушка даярдап жатышат.
Буга чейин министрлик чек арадагы кандуу кагылышуудан келтирилген зыян тууралуу маалымат берип, Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганын айтып, анын 453ү кайра куруларын билдирген. Калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү



