
Сентябрдагы чек арадагы коогалаңдан улам Баткенде 32 калктуу конушта электр энергиясы өчүп, Баткен жана Лейлек району боюнча жалпы 13 миң 235 абонент электр жарыгысыз калган. Иштин күчөтүлүшүнүн натыйжасында жараксыз деп табылган 519 үйдөн башкасына электр энергиясы берилди. Ал үчүн 17 трансформатор алмаштырылып, чубалгыларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми 519 үй курулуп бүтсө аларга дагы электр жарыгын жеткирип берүүгө даярбыз. Мындан тышкары, республика боюнча кышка даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат. Негизги жабдыктар оңдоп-түзөлдү, учурда кошумча жабдыктар оңдолууда. Ошондой эле улуттук электр тармагынын жер-жерлердеги мекемелеринин кышка даярдыгы текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы менен кышка даяр деген паспорт берилүүсү күтүлүүдө.



