КоомОкуяларСаясат

Садыр Жапаров жана Ташиев менен жолуккан өзгөндүк тургундар эмне тууралуу сөз болгонун айтып беришти

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп жатат. Жолугушууга кире албай калган жашоочулардын бир бөлүгү акимиаттын алдына чогулду. Жашоочулардын суроолоруна президент менен бирге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жооп беришти.

Андан кийин жашоочулар менен жергиликтү бийлик өкүлдөрү жолугушту. Алар өлкө башч бардык жашоочулар менен жолугушуп, суроолоруна жооп бере турганын билдиришти. Тургундар жыйын залга кезек менен кирип жатышат. Саат 13:00 чамасында жыйындар залынан жашоочулардын биринчи тобу чыкты. Алар жолугушууда айтылгандар тууралуу кенен маалымат беришкен жок. Өзгөн районунун жашоочуларынын бири суроосуна канааттандырарлык жооп алганын айтты. «Мурун мал боюнча көйгөй бар болчу. Мал чек арадан өтүп кеткенде кайтарып беришчү эмес. Эми андай көйгөй жок. Учурда чек араг жакын аймактагы айылдагы тургундар ынтымакта жашап жатат», — деди ал. Дагы бир тургун Кыргызстан менен Өзбекста жетишкен макулдашууну түшүндүрүп беришкенин билдирди. 

Дагы бир тургун Кыргызстан менен Өзбекста жетишкен макулдашууну түшүндүрүп беришкенин билдирди. Бирок ал деталдарды айткан жок. <<Баары Кыргызстандын пайдасына чечилиптир. Эч кандай тосмо болбойт, эки өлкөнүн жарандары суу сактагычты чогуу колдонот», — деди ал. Өзгөндүн тургуну экенин айткан жаран жолугушууда учкучу жок учуучу аппараттан тартылган видео көрсөтүлгөнүн айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button