Коом

Акимдик кызматка орноштурууну убадалап $50 миң алып качып кетүүгө шектелген жаран кармалды

2023-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Т.И. аттуу жаран О. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факт Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Көңүл буруңуздар! Эгерде Сиз кара ниет адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздү өтүнөбүз: 0(700) 00-20-20 жана 102.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button