Коом
ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди

Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Башкы катчыны ”Манас“ эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Нурлан Ермекбаевдин ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу күтүлүүдө.



