
Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай Токтогул районунда күздүк айдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында 2023-жылдын түшүмү үчүн эгилүүчү кылкандуу дан эгиндеринин, анын ичинде буудай өстүрүүнүн аянтын көбөйтүү боюнча күздүк айдоого шарты туура келген А. Суеркулов жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айыл башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Күздүк буудайдын үрөнү Россиядан алынып келинген алексеич, баграт, калым, гурт сортундагы элита үрөндөр. Бүгүнкү күндө 20 тонна алексеич сортундагы 1-репродукция буудай үрөнүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Токтогул районуна алып келүү алдында турат.
Белгиленгендей, учурда райондун аймагында күздүк айдоо иштери кызуу жүрүүдө.



