Кыргыз-тажик чек арасынын өткөрүү пункттарында материалдык ресурстардын бардык түрлөрү камсыздалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы социалдык тармактарда чек ара бөлүктөрүндө материалдык ресурстар жана тамак-аштын жетишсиздиги тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
2022-жылдын 8-октябрына карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгаштырылган чек ара бөлүктөрү жана өткөрүү пункттары камсыздоо нормаларына ылайык материалдык ресурстардын бардык түрлөрү менен 100% камсыз болду.
КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бардык өздүк курамы кийим-кече (кышкы жана жайкы форма) жана жеке коргонуу каражаттары менен толук камсыздалган.
Чек ара кызматынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен 2023-жылдын июнь айына чейин чек ара заставаларында узак мөөнөттүү тамак-аш азыктары (ун, ар кандай азык-түлүк, тамак аш ж.б.) сатып алынаган. Тез бузулуучу тамак-аштын запасы үч айда бир жолу толукталат.
Бардык чек ара заставалары керектүү көлөмдөгү отун (көмүр жана жыгач отун) менен камсыздалган.
Чек арачыларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу маселеси чек ара башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө болуп, өздүк курамды керектүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда.
Төраганын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев чек ара бөлүктөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти, — деп билдирди аталган мекеменин маалымат кызматынан.



