Окуялар

Кемин районунда ченемден ашык кийик аткан мергенчилер кармалып, айыпка жыгылды

​ Кемин районундагы Боом капчыгайынын Суулу-Терек коктусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда 3 мергенчинин белгиленген ченемден ашыкча 13 кекилик атканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.


​Мыйзам бузууну аныктоо боюнча текшерүү Чүй регионалдык башкармалыгынын егери жана NABU уюмунун «Барс» тобунун инспектору тарабынан жүргүзүлгөн. Аталган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 37 миң 500 сом айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян 26 миң сом деп бааланды. Маалыматка ылайык, мергенчилер айып пулду жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыярлары менен төлөөгө макул болушкан.
​Кыргызстанда аңчылык белгиленген мөөнөттөрдө жана уруксат берилген ченемдердин негизинде гана жүргүзүлөт. Аңчылар тиешелүү уруксат кагаздарын алып, жаныбарлардын түрүнө жана санына карата коюлган талаптарды сактоого милдеттүү, ал эми эреже бузгандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button