Спорт

Грек-рим күрөшүнүн балбандары дүйнө кубогуна барат

Дүйнө кубогуна күрөш жагынан эң күчтүү беш мамлекеттин гана спортчулары катышат. Арасында Кыргызстан да бар.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Азербайжанда өтө турган дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюму (UWW) кабарлады.

Мелдеш 5-6-ноябрь күндөрү Бакуда өтмөкчү.

Эл аралык уюмдун маалыматында, дүйнө кубогуна эң күчтүү беш мамлекеттин гана спортчулары катышат. Командалар Сербияда өткөн дүйнө чемпионатындагы ийгиликтерине карап тандалган. Анда Кыргызстандын курама командасы 5-орунду ээлеген болчу.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан А тайпасына туш келди, бул жакта Иран менен Түркия бар. Ал эми В тайпасына Азербайжан жана Сербия түштү.

Азырынча өлкө атынан кайсы спортчулар жөнөтүлө турганы айтыла элек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button