Коом
11-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору бүгүн, 11-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +13…+18 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +19…+21 градуска чейин көтөрүлөт.



