Коом
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,2 млрд долларды түздү, деп билдирет Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 36,4%га көп, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,8 эсе жогорулады.
Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-августунда 2,8 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырганда 33,8 пайызга өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,5 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27,6 пайызга жогоруланган.



