Коом

Профессор: Азыр алтынды илгеркидей Канадага же башка жакка чыгарып кетүү мүмкүн эмес

Азыр алтынды илгеркидей Канадага же башка жакка чыгарып кетүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов билдирди.

Анын айтымында, алтын казылгандан баштап даярдоо процессине чейин атайын кызматтардын тыкыр көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, мындан улам учурда коомчулукта бирин-серин айың кептердин таралып жатканына ишенүү кыйын.

“Алтынды чыгаргандан баштап эсепке алып, онлайн камералар менен байкап турушат да. Улуттук банкка сакталып, банк аркылуу сатыкка чыгарылат. Аны эч ким уурдай албайт. Айтылып жаткан сөздөр жөн гана шылтоо үчүн жаралган ушак же айың кептер десек болот. Анткени азыр алтынды илгеркидей Канадага же башка жакка чыгарып кетүү мүмкүн эмес”, — деди Идинов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button