Пайдалуу кеңештер

Суукта жылаңбаш, мойнун ачып жүргөн киши кайсы ооруга кабылат?

Адис суук түшөрү менен буттан тышкары баш менен моюнду жылуу кармоого чакырат. Отоларинголог Владимир Зайцев «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде суук кезде баш кийимсиз жана моюн орогучу жок жүрүү ден соолукка кандай зыян алып келерин түшүндүрдү.

Суукта топу кийбей жүргөндөр жок эле дегенде мурдуна суук тийгизип, ал ринит илдетине айланып кетет.

«Андан тышкары, мурундун тегерегиндеги сөөктө суюктук иштелип чыкчу боштуктар болот. Аларга суук тийчү болсо мээге чаап кетиши мүмкүн. Ал эми кулакты жылуу кармабаса отит илдети пайда болуп, бала-бара ал менингитке өтүп кетиши ыктымал», — деди дарыгер.

Шарфтын ролу кандай? Адис бул жөн гана көрк берүүчү аксессуар эмес, кыштын күнү эң керектүү нерсе экенин айтат.

«Моюн аркылуу эң негизги кан тамырлар өтөт. Ошондуктан моюн организмдеги жылуулукту кармап турчу орган болуп эсептелет», — деди Зайцев.

Андыктан адис суук түшөрү менен буттан тышкары баш менен моюнду жылуу кармоого чакырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button